• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырда жаракат алган 2 адам ооруканадан чыкты

22 Бугу 202014:49 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасында болгон окуядан улам жаракат алган 2 жабырлануучу — аскер кызматкерлери бүгүн, 22-майда ооруканадан чыкты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, үчүнчү жабырлануучу медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө. Анын абалы туруктуу оор деп бааланууда.

«19-майда академик Миталип Мамытовдун катышуусунда Бурденко нейрохирургия борборундагы россиялык кесиптештер менен онлайн консультация болуп өттү. Жыйынтыгында бейтапты дарылоо боюнча алгоритм такталды», — деп айтылат маалыматта.

Жабырлануучулар 10-майда Баткен облустук ооруканасынан Бишкекке атайын каттам менен жеткирилип, Улуттук госпиталга жаткырылган болчу.

Количество просмотров: 61