• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан каза болгондор 33 адамга жетти

1 Бугу 2021 13:49 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 163 адам жабыркады. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен 33 жаран набыт болду.

“Бишкекке Баткенден 49 адам алынып келди. Алардын ичинен үчөөнүн абалы өтө оор. Калгандары Баткендеги ооруканаларда дарыланууда. Учурда саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармектердин саны жетиштүү”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Количество просмотров: 107