• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу

22 Аяк оона 2022 9:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-сентябрда саат 08:30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, түн тынч өтүп, эч кандай окуя катталган жок.

“Чек арага жакын аймактардагы жарылбай калган заттарды зыянсыздандыруу иштери жүрүп жатат. Тараптардын жумушчу комиссиялары кырдаалды басаңдатуу жана кошумча аскер техниканы туруктуу жайгашкан жерлерине кайтаруу жөнүндө макулдашуулардын аткарылышын текшерүү боюнча чараларды көрүүнү улантууда”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 77