• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө

25 Үчтүн айы 2023 13:05 Бишкек Govori.TV

2022-жылдагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө топтору тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Аскер прокуратурасынын Тергөө кызматынан башчысы Акылбек Абдыраев билдирди.

«Шектүүлөрдүн өзүнчө өндүрүшкө алынып, сотко өткөн учурлары бар. Учурда Аскердик прокуратуранын Баткен гарнизону тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат», — деди ал.

Парламент “2021-жылдын 16-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун аскерлерин (жамааттык күчтөрдү) биргелешип материалдык-техникалык жактан камсыздоо жана медициналык жактан камсыздоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралууда.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 14-17-сентябрда Тажикстан кыргызстандын аймагын басып алууну көздөп Баткен жана Ош облустарындагы чек ара заставаларын жана калкттуу пункттарга ккол салган.

Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн аскердик баскынчылыгынын натыйжасында КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 63 адам каза болгон, анын ичинде аскер кызматкерлери жана жайкын тургундар жана балдар бар, 198 адам жабыркады. Ошондой эле турак-жайлар, экономикалык жана социалдык объектилер, турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу объектилер талкаланып, зыянга учураган.

Количество просмотров: 50