Бишкек.14.03.2019.Govori.TV.
Кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан улам жолдор жабылган. Анын кесепетинен жарандар жолго чыга албай кыйналып жатканын айтышууда. Бул тууралуу фейсбук колдонуучусу Гульгакы Мамасалиева өзүнүн баракчасына жазып чыкты.
«Бизде тез арада маани берип маселе чечүү деген жок. Чек арадагы пикир келишпестиктен улам жөнөкөй жарандар Лейлектен чыга албай жатат. Ар кимдин кырдаалы ар башка. Айрымдар больницага, кээ бирлери чет өлкөгө учмак. Ал эми эртең менен каза болгон жарандын туугандары маркумду акыркы сапарга узата албай калышкан. Бийлик Исфанадан Бишкекке жана Ошко тез арада аба каттамын коюп бере албайбы?»,-деп жазган ал бидирүүсүндө.
Эске салсак, 13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Чырды эки өлкөнүн чек арачылары келип токтотушкан.
Кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалга жеринен таанышып, эл менен сүйлөшүү үчүн биринчи вице-премьер министр Жеңиш Разаков бүгүн эртең менен Баткенге учуп кеткен.
Ал эми ЖК депутатттары чек арада түзүлгөн кырдаал боюнча тийиштүү мекемелердин маалыматын угуу үчүн аларды саат 11ге чакыртышты.