• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Кыргыз-тажик чек арасынын 101,86 чакырымы такталды

8 Баш оона 2023 12:32 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын май айынан тарта бүгүнкү күнгө чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 101,86 чакырымды түзгөн чек ара сызыгы такталды. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын башынан бери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топтору алты ирет жолугушуу өткөргөн.

«Учурда Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жетинчи жолугушуусу өтүүдө. Ал 10-августка чейин созулат», — деп билдиришти министрлер кабинетинен.

Количество просмотров: 83