• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргыз-тажик чек арасынын 47,05 чакырымы макулдашылганы кабарланды

14 Бештин айы 2023 12:48 Бишкек Govori.TV

2023-жылдын 8-декабрынан 14-декабрына чейин, топографиялык жумушчу топтордун, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 47,05 чакырымы боюнча макулдашышты.

Калган участокторду сыпаттоо боюнча тараптардын кийинки жолугушуусу Тажикстан Республикасынын аймагында өтөт.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Жолугушуу өз ара түшүнүшүү жана достук маанайда өттү.

Количество просмотров: 188