• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 3,71 чакырымы такталды 

5 Бирдин айы 2024 15:48 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болду. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптардын жолугушуусу жетишилген макулдашууга ылайык бул ирет үстүбүздөгү жылдын 30-январынан 5-февралына чейинки аралыкта Баткен облусунун Баткен шаарында болуп өттү.

Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 3,71 чакырымы боюнча макулдашышты.

Тараптар калган аймактарды сыпаттоо иштерин Таджикстан Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантышат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүүнүн маанайында өттү.

Количество просмотров: 94