• Бейшемби 18 Кулжа 2026
  • Четверг 18 Июнь 2026

Кыргыз-тажик топографиялык жумуш тобу жолукту

16 Тогуздун айы 202213:49 Бишкек Govori.TV
image

Кыргызстан жана Тажикстандын топографиялык топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Тараптар жетишилген макулдашууга ылайык, 2022-жылдын 10-октябрынан 15-октябрына чейин Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара линиясынын калган тилкелерде өтүшү боюнча пикир алмашып, Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда талкууну улантууну макулдашышты.

Количество просмотров: 113