“Кыргыз Туусу” гезитине башкы редактор болуп Мырзакат Тыналиев шайланды. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазды.
Маалыматка таянсак, тийиштүү жарлыкка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Мырзакат Тыналиев журналисттик тажрыйбасынын көп жылын “Кыргыз Туусу” гезитинде иштөө менен өтөдү.
Буга чейин аталган гезитти Эрнис Балбаков жетектеп келген. Ал өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазгандан бери башкы редактордун орду бош турган эле.