• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Кыргыз улуттук драма театры качан ачылары айтылды

1 Бирдин айы 2022 12:03 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-февралда “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымат жыйын берди. Министр Азамат Жаманкуловдун айтымында Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры оңдоп-түзөөдөн кийин февраль айында ачылат.

“Кыргыз улуттук драма театрында эки жылдай оңдоо иштери жүргөн. Февралда театрды ачып, көрүүчүлөргө “Манастын уулу Семетей” спектаклы жаңыртылган форматта тартууланат. Ошол эле учурда Ч.Айтматов атындагы орус драма театры жабылганы турат. Анын тегерегиндеги тамак-аш жайлар тазаланып, оңдоого даяр болду. Ушул айда тендер жарыяланып, театр толук оңдоодон өтөт”, — дейт ал.

Министр өлкө аймагында өткөн жылы 44төн ашык спектакль коюлганын айтып, жалпы оюн-зоок мекемелери 23 млн 819 миң сом табышканын кошумчалады.

Количество просмотров: 148