Бүгүн, 2-июнда маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кыргыз элинде өзгөчө таланты менен элге таанылган өнөрдүн ээси Малик Аликеевден кабар алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Анда учурда ырчынын ден соолугу, жакынкы аралыкта өтө турган операциясы жана чыгармачылыгы тууралуу сүйлөшүп, ырчынын өзгөчө талантын эске алуу менен Маданият министрлиги аны мамлекеттик сыйлыкка көрсөтө тургандыгын маалымдады.
Эске салсак, учурда Малик Аликеев Таласта болгондугуна байланыштуу, кабар алуу вотсап аркылуу жүргүзүлүп, ага министрдин орун басары Кайрат Иманалиев да катышты.