Азамат Жамангулов Санариптик өнүктүрүү министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Жамангулов Азамат Саадатбекович Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды.
Азамат Жамангуловдун талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.
Президенттин дагы бир жарлыгынын негизинде Санариптик өнүктүрүү министри кызматын аркалып келген Нурия Кутнаева кызмат ордунан бошотулган. Чечим Кутнаева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кабыл алынганы кабарланган.