• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргыз-өзбек чек арасын чечүү боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү башталды

24 Жалган куран 2021 18:01 Бишкек Govori.TV

Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү башталды. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында жазылат.

Кыргыз делегациясын – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми өзбек делегациясын Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов жетектеген кеңешменин жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелерин делимитациялоо маселеси талкууланат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын учурунда эки өлкө башчысы өкмөттүк делегациялардын ишин активдештирүү тууралуу макулдашкан, аларды жакын арада жыйынтыктоо пландаштырылууда.

Количество просмотров: 99