• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча жумушчу топ жолукту

8 Жалган куран 202312:49 Бишкек Govori.TV

1-7-март аралыгында Жалал-Абад шаарында Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын алдыдагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Макулдашылган графикке ылайык, тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелеринде биргелешкен талаа изилдөөлөрүн жүргүзүштү.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгында Протоколго кол коюлду.

Количество просмотров: 157