• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылгандар кармалды

14 Кулжа 2023 9:53 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети контрчалгындоо иштерин уюштуруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасы менен мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү каналы аныкталып, токтотулду.

Ушул жылдын 3-июнунда КР УКМК чек ара кызматкерлери менен биргеликте Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак а/а «Кум» чек ара тилкесинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын Өзбекстан Республикасы тарапка мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылгандыгы үчүн (чек ара көзөмөл пунктунан тышкары) Бангладеш Республикасынын 4 жараны жана Өзбекстандын 1 жараны кармалды.

Ошондой эле, көрсөтүлгөн убакытта Өзбекстан Республикасынан Кыргыз Республикасына мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча жогоруда аталгандарга ортомчулук кызмат көрсөткөн 1994-жылы туулган Өзбекстандын жараны М.Н.Р. кармалган, ал, аталган чет элдик жарандарды Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө көмөк көрсөтмөк.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 71