• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү 

22 Чын куран 2024 11:13 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясынын курамындагы Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жыйыны болуп өттү.

КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу Өзбекстандын Наманган шаарында өтүп, анда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери талкууланды.

Талаа изилдөөлөрү жүргүзүлүп, анда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын делимитация сызыгын жылдыруу боюнча тапшырмалар такталды.

Сүйлөшүүлөр достук жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Жумушчу топтордун кезектеги отуруму Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт.

Количество просмотров: 71