• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча жумушчу топтун жолугушуусу өттү

7 Бугу 202217:36 Бишкек Govori.TV

5-7-май күндөрү Бишкек шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоону уюштуруу жана укуктук маселелерин макулдашуу боюнча жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик-техникалык документтердин долбоорлорун талкуулап, макулдашышты.  

Жолугушуу достук  жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында протоколго кол коюлду.   

Кийинки жолугушуу Өзбекстан Республикасынын аймагында өтөт.

Теги:
Количество просмотров: 166