Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Анын айтымында, кыргыз тарапка мурда талаштуу болуп жүргөн жерлер кайра такталып жазылды.
«Көк-Серек айылы-105 гектар, Баястан айылы — 212 гектар, Ак-Таш — 100 гектар Ункар-Тоо — 35 гектар, Кара-Белес участогу — 25 гектар Кыргызстанга өттү. Ал эми Гавасай деген жер Наманган менен Жалал-Абад облусунун чектешкен жеринде жайгашкан. Андагы 8000 гектар жер Кыргызстанга жазылды. Ал аймакта 5-6 айыл жана жайлоолор бар. Мурда бул жерде бир нече жолу ок атылып, ызы-чуу чыккан. Эми ал жерлер толугу менен Кыргызстанга өттү. Шахрихан-Сай деген жерден 50 гектар Өзбекстанга берилди. Ордуна 50 гектар жерди Өзгөндүн жогору жагынан алынат» — деди Ташиев.