Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 5-майында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Актам айыл аймагынын Дөбө-Коргон жерлигинде Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлигинин чек арачылары Кыргыз Республикасынын үч жаранына курал колдонушкандыгын маалымдады.
Натыйжада Кыргызстандын 1974-жылы туулган А.К., 1998-жылы туулган А.Ж. жана 2000-жылы туулган А.Ж., жарадар болуп, Ала-Бука районунун ооруканасына жеткирилип, эсине келбей, алган октон улам каза болушкан.
Окуянын чоо-жайын тактоо максатында Кыргызстандын Ала-Бука багыты боюнча чек ара өкүлү дароо Өзбекстандын Янги-Курган багыты боюнча чек ара өкүлү менен жолугушуу өткөрүп, анда тараптар ички иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча жолугушууну 2022-жылдын 6-майында улантууну макулдашты.
Келип чыккан окуя боюнча тиешелүү органдарга да маалымат берилип, тергөө амалдары башталды.