• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргыз-өзбек чек арасындагы эки тилке макулдашылды

22 Тогуздун айы 2018 15:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.10.2018.Govori.TV.

Өзбекстан Республикасынын Наманган шаарында 15-21-октябрда Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүүсүн тактап жазуу боюнча маселе талкууланды. Жумушчу топтордун жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча эки тилке макулдашылып, тийиштүү протоколго кол коюлган.

Эки өлкөнүн Премьер-министрлери тараптан 2018-жылга бекитилген жолугушуулардын план-графигине ылайык, жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт.

Количество просмотров: 28