• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал туруктуу

1 Кулжа 2020 9:24 Бишкек Govori.TV

Жергиликтүү кабарчыбыздын маалыматына караганда, түн тынч өттү. Кырдаалга милиция көз салууда. Түн жарымга чукул чек арага чогулган эл тараган.

31-майда саат 12:30 чамаларында Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыгып, бири-бирине таш ыргытышкан. Чыр эки тарап Чечме айылындагы булакты бирге тазалап жатканда «булак бизге таандык» деп, сөз талашкандан чыккан.

Өзбекстандын чек ара кызматы да бул окуя боюнча билдирүү таратып, «кырдаал толук көзөмөлдө» деп маалымдады. «Кыргыз-өзбек чек арасындагы Сох районундагы Чечме булагында кыргызстандыктар менен өзбекстандыктар ортосунда жаңжал чыкты. Бул кырдаалды чечүү үчүн чек арада эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтеринин жооптуу адамдары жолугушту. Учурда кырдаал көзөмөлдө. Жаңжалдын себептерин аныктоо жана кесепеттерин жоюу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат» деп жазылган билдирүүдө.

Жаңжалдан кийин Кыргызстан менен Өзбекстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолуккан. Сүйлөшүүгө Кыргызстан тараптан кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбай Максүтов, Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаров, ал эми Өзбекстан тараптан Фергана облусунун губернатору Шухрат Ганиев менен Сох районунун акими катышкан.

Количество просмотров: 51