• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

18 Кулжа 202212:01 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 17-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле эң жогорку жана жогорку деңгээлде боло турган тышкы саясий иш-чараларды иштеп чыгуунун жүрүшүн карап чыгышты.

Количество просмотров: 124