• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселеси талкууланды

11 Жалган куран 2024 10:05 Бишкек Govori.TV

2024-жылдын 4-мартынан 8-мартына чейин Ош шаарында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун биргелешкен кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча комиссиясынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жыйындын жүрүшүндө 2023-жылга карата аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, 2024-жылга жолугушуунун графиги бекитилди, ошондой эле кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана демаркациялык карталарды жана атайын (жалпы) геодезиялык тармакты түзүү маселелери талкууланды.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча тиешелүү Протоколго кол коюлду.

Жумушчу топтордун кезектеги жыйыны Өзбекстан Республикасынын аймагында өтөт.

Количество просмотров: 56