• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы маселе кайрадан талкууланды

22 Чын куран 2019 13:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.04.2019.Govori.TV.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Фергана шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарына байланыштуу маселелерди талкуулоо боюнча Кыргызстан жана Өзбекстандын жумушчу топторунун жолугушуусуна катышты. Өзбек тараптын делегациясын Премьер-министрдин орун басары Элёр Ганиев жетектеген.

Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарынын ишине байланыштуу маселелерди талкуулашты. Кыргызстан жана Өзбекстандын делегациялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттары жөнүндө 2004-жылдын 24-июлундагы Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында иштерди улантуу зарылдыгы тууралуу макулдашышты.

Мындан тышкары тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы калган участокторду сыпаттоону аяктоо максатында Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын ишин күчөтүү зарылдыгы жөнүндө түшүнүшүүгө келишти.

Количество просмотров: 3