• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Кыргыз-өзбек жогорку окуу жайларынын эл аралык 1-форуму өтөт

3 Тогуздун айы 2023 15:53 Бишкек Govori.TV

3-4-октябрда Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-өзбек Эл аралык университетинин башкы корпусунда Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын жогорку окуу жайларынын эл аралык 1-форуму өтөт.

Маалыматта айтылгандай, алгач Өзбекстандан келе турган коноктор Ош шаарынын Г.Айтиев көчөсүндөгү университеттин башкы корпусунун материалдык техникалык базасы менен таанышып чыгышат.

Ал эми 4-октябрь күнү КР Мамлекеттик катчысы С.Касмамбетовдун жана КРдин жана Өзбекстандын Өкмөт мүчөлөрүнүн, замандаштарынын жана Кыргызстан –Өзбекстан ЖОЖдорунун ректорлорунун катышуусунда мамлекеттик жана коомдук ишмер Б.Сыдыковдун эстелигин ачуу аземи болот. Иш чаранын жыйынтыгы менен эки татаптуу түзүлгөн келишимдерге кол коюлуп, резолюция кабыл алынат.

Количество просмотров: 54