• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Кыргыз жана казак депутаттары Кордайда биргелешкен көчмө жыйын өткөрүүдө

13 Бугу 2022 14:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Казакстан Республикасынын парламентинин Мажлисинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Жамбыл облусунун Кордай айылында биргелешкен көчмө жыйын өткөрүүдө. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө эки өлкөнүн парламенттик делегациялары “Ак-жол” (Кордай), “Карасу” (Актилек) өткөрүү пункттарынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Өткөрмө жайларынын жетекчилери отчет беришти.

Андан ары депутаттар Кордай айылында биргелешкен жыйын өткөрүп, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашат. Айрыкча, ЕАЭБ алкагында транспорттук-логистикалык көйгөйлөрдү чечүү, Кыргыз Республикасынан келген жүктөргө карата Казакстан Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан контролдук-инспекциялык иш-чаралардын тартибин жөнгө салуу боюнча сөз болот.

Биргелешкен көчмө жыйынга депутат Чыңгыз Айдарбеков баштаган Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин мүчөлөрү Чолпон Султанбекова, Лейла Лурова, Адахан Мадумаров, Айбек Осмонов, Жылдыз Таалайбек кызы, Улан Бакасов, Нурланбек Азыгалиев, Нилуфар Алимжанова, Ырысбек Атажанов , Шайлообек Атазов жана Нуржигит Кадырбеков катышууда.

Количество просмотров: 319