• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Кыргызалтынга» жаңы жетекчи келди

4 Жалган куран 2021 15:36 Бишкек Govori.TV

Маратбек Чолпонкулов «Кыргызалтын» ААКсынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Чолпонкулов ишканага жетекчи болуп бүгүн дайындалган. Ал «Кыргызалтындын» директорлор кеңеши тарабынан тандалып алынып, жалпы жамаатына тааныштырылган.

Кошумчалай кетсек, Чолпонкулов 1962-жылдын 28-августунда туулган. Билими жогорку. 1986-жылы Фрунзе политехникалык институтунун «Тоо иштерин автоматташтыруу жана электрлештирүү» факультетин «тоо инженер-электриги» адистиги боюнча аяктаган.

Количество просмотров: 120