• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Кыргызгидромет Билим берүү министрлигине жооп берди

14 Бештин айы 2023 18:07 Бишкек Govori.TV

9-декабрдан 14-декабрга чейин аба ырайынын кескин өзгөрүшү, өлкөнүн айрым аймактарында абанын температурасы -25 градуска чейин төмөндөшү тууралуу алдын ала кабарланган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидромет кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда,12-декабрда күндүн биринчи жарымында катуу шамал тууралуу эскертүү берилди. Бороон-чапкындын божомолдору бардык мамлекеттик органдарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жөнөтүлүп, телеканалдар аркылуу көрсөтүлдү.

«КР Билим берүү министри ачык фактыларга көңүл бурбай, Кыргызгидромет өз убагында маалымат бербей жатат деген жүйөөсүз дооматтарды айткан. Министрдин билдирүүлөрү коомчулукту адаштырып, Кыргызгидрометтин беделине шек келтирүүдө. Кыргызгидромет аба ырайынын шарттары боюнча актуалдуу маалыматтарды берүү, коопсуздукту, туруктуулукту камсыз кылуу жана Кыргызстандын бардык элинин кызыкчылыгына кызмат кылат»,-деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Билим берүү министрлиги 13-14-декабрь күндөрү Бишкек шаарындагы мектептер онлайн окутууга өткөндүгүн кабарлаган. Соцтармакта айрым ата-энелер нааразы болушкан. Алардын айтымында чечим кеч кабыл алынган.

Ал эми Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргызгидромет туруксуз аба ырайы боюнча маалыматты кеч бергенин айткан.

Количество просмотров: 264