• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Кыргызгидромет шашылыш билдирет

11 Бугу 201918:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.05.2019.Govori.TV.

Кыргызстанда 12-13-май күндөрү аба ырайы кескин түрдө өзгөрөт. Бул тууралуу Кырызгидромет билдирди.

12-май күнү Чүй, Жалал-Абад облустарында, ошондой эле Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында катуу жамгыр жаап, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында Талас менен Баткендин тоолуу райондорунда нөшөрлөгөн жаан жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Эскерте кетсек, катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кыргызстандын түштүгүндө Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында сел жүрүшү ыктымал.

Количество просмотров: 45