• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Кыргызкөмүрдүн» филиалындагы коррупция. Директордун орун басары кармалды

8 Кулжа 2023 16:25 Бишкек Govori.TV

«Ысык-Көл пароходствосунун» Балыкчы филиалында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга шектелип директордун орун басары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Ысык-Көл пароходствосу» филиалынын станциясынан Бишкек шаарындагы ЖЭБна чейин, ошондой эле Балыкчы шаарынын кампаларында көмүрдү сактоо учурунда темир жол транспорту менен ташууда катуу отундун коромжусун эсептен чыгаруу жолу менен көмүр сатуу фактылары аныкталган.

«Алдын ала аудиттин корутундусуна ылайык, 2021-2023-жылдар аралыгында 6362,1 тоннага жакын бул жалпысынан 18 млн 995 миң сомду түзүп «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл пароходство филиалында көмүр тартыштыгы байкалган. Мындан тышкары, күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз эсептен чыгаруунун жана туунду компаниялар менен мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүдө мыйзам бузуулардын фактылары аныкталган. 2023-жылдын 7-июнунда соттун токтомунун негизинде тинтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында кылмыш иши үчүн маанилүү болгон документтер жана ок атуучу куралдар, ошондой эле транспорт каражаттарынын жасалма номерлери табылып алынган. УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыш жасаган деген шек менен филиалдын директорунун орун басары У.Т. кармалды»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда иликтөө иштери жүрүп, келтирилген зыяндын бардык көлөмүн жана кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча бардык чаралар көрүлүүдө

Количество просмотров: 71