• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстан 25 сотых жерди Орусияга 49 жылга ижарага берет

14 Кулжа 2022 12:58 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Орусияга Бишкектен 25 сотыхка жакын жерди 49 жылга ижарага бергени жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 13-июндагы жыйынында белгилүү болду.

Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Мирлан Бакировдун маалыматына караганда, Бишкектин Жибек Жолу жана Керимбеков көчөсүндө жайгашкан эки жер тилкеси “Глобал Инвест” ачык акционердик коомунуку. Ага Орусиянын чек ара кызматкерлерине турак жай жана башка имараттар курулган жана мүлктү Орусия жеке тараптардан сатып алган. Орусия эми аны мыйзамдаштырууну суранып жатат.

«2013-жылы Орусиянын чек ара кызматына Чүй облусунун Новопокровка аймагынан имарат берилген экен. Бирок ал жарактан чыгып калган. Андан кийин Бишкек шаарындагы Жибек Жолу, 539 жана Керимбеков, 107 дарегиндеги имаратты ижарага алышкан. Имаратты сатып алуу боюнча бир канча жолу маселе көтөрүлгөн. Бүгүнкү күндө ал имараттарды Орусия жеке тараптан сатып алыптыр. Кыргызстан кепил болуп берсин деген максатта ошол имараттардын чегиндеги жерди Орусияга 49 жылга ижарага берет. Бүгүнкү күндө жеке тараптар менен сүйлөшүүлөр бүттү. Белгиленген каражатка келишим болгондон кийин аталган жерди мамлекетке өткөрүү, андан кийин Орусияга менчикке берүү, ал эми тегерегиндеги жерди көп жылдык мөөнөткө ижарага берүү маселеси турат» , — деди Бакиров.

Мирлан Бакиров кошумчалагандай, 1999-жылы Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы чек ара кызматташуусу боюнча макулдашуу кабыл алынган. Ага ылайык, Кыргызстан орус чек арачыларына турак жай үчүн Новопокровкадан имарат берген. Бирок ал жердеги имаратта шарт жок болгондуктан, Орусиянын чек ара кызматкерлери Жибек Жолу жана Керимбеков көчөсүндөгү эки имаратты алган.

Количество просмотров: 654