Кыргызстандын Улуттук статистика комитети 2024-жылдын 8 айында Ирандан жашылча импорту 34% кыскарганын билдирди.
Ведомствонун маалыматына караганда январь-август айларында Кыргызстан Ирандан 983,5 миң долларга 982 тонна жашылча ташып келген. Былтыркы жылдын ушул мезгилинде 1,3 миллион долларга 1,3 миң тонна жашылча импорттолгон.
Ал эми Өзбекстандан, Кытайдан, Түркиядан жашылчаларды ташып келүү мурдагыдан көбөйдү.