• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстан бүгүн коронавирустан каза тапкан жарандарын эскерүүдө

30 Теке 2020 9:05 Бишкек Govori.TV

Мамлекет башчынын жарлыгы менен 30-июль Кыргызстанда коронавирус курмандыктарын эскерүү үчүн Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган. Буга байланыштуу бүгүн өлкөнүн бардык аймактарында жана чет өлкөлөрдөгү элчилик, консулдуктарында мамлекеттик туулар ылдый түшүрүлөт.

Маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларга оюн-зоок, көңүл ачуучу программаларды уюштурбоо сунуш кылынган.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирустан 1347 адам каза тапты.

Жалпы илдет жугузуп алгандардын саны 34 512 киши. 1047 бейтап оорудан айыкты. 17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштаган

Количество просмотров: 78