• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстан боюнча дезинфекциялоо иштери уланууда

28 Баш оона 202019:20 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан боюнча дезинфекциялоо иштери улантылууда Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-августта республика боюнча 11 850м² имараттардын ичи-сырты, 4450 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 33 куткаруучу тартылган.

«Дезинфекциялоо иштери жөө жүрүү жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

  • Ош облусунда 4300м² имараттын ичи-сырты дезинфекцияланды;
  • Баткен облусунда 4450 погондук автоунаа жолдор дезинфекцияланды;
  • Ош шаарында 5750м² имараттын ичи-сырты дезинфекцияланды.
  • Ысык-Көл облусунда 1800 м² имараттын ичи-сырты дезинфекцияланды.
Количество просмотров: 95