• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстан бюджетти жакшы башкаруу үчүн франциялык компанияны жалдады

21 Кулжа 2021 18:31 Бишкек Govori.TV

Экономика министрлиги бюджетти пландоо, аткаруу, координациялоону жана ачыктыгын арттыруу үчүн франциялык Linpico SARL компаниясын жалдады. Бул тууралуу аталган министрлик билдиргенин economist.kg жазды.

Кыргызстан франциялык компанияны 2018-жылдын июнь айында жактырылган «Мамлекеттик каржыларды башкаруу тармагындагы мүмкүнчүлүгүн арттыруу» (экинчи) долбоорунун алкагында жалдаган.

Linpico SARL компаниясы Кыргызстанга Каржы отчеттуулугунун эл аралык стандарттары (Негизги каражаттар) боюнча ченемдик жана методологиялык документтерди иштеп чыгууга, эл аралык практикага ылайык бюджеттик милдеттенмелерди көзөмөлдөө, касалык пландоо боюнча ишти жакшыртуу ж.б. багыттар боюнча кеңеш берет.

Компания ишин баштап, 19-майда долбоорго тиешеси бар башкармалык жана бөлүмдөрдүн жетекчилери менен жолугушууларды өткөргөн. Анда Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү катышкан.

Количество просмотров: 240