• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Кыргызстан дүйнөлүк олимпиадада алгачкы жолу математика боюнча алтын утту

22 Теке 202411:38 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын тарыхында математика боюнча дүйнөлүк олимпиадада биринчи жолу алтын медалга Назар Кыргызбаев ээ болду.

Маалыматтарга караганда, Кыргызстан 1993-жылдан бери математика боюнча дүйнөлүк олимпиадага катышат. Байыл 2024-жылкы олимпиада Улуу Британияда 11-22-июль күндөрү өттү. Жалпысынан 108 мамлекеттен 609 адам катышып, Кыргызстан командалык эсепте 29-орунду алган.

2024-жылкы математика олимпиадасында Кыргызстан командасы жана алардын жетишкендиктери:

1.⁠ ⁠Назар Кыргызбаев, алтын медаль (10-класс, 61-мектеп)

2.⁠ ⁠Ян Бобрус, күмүш медаль (8-класс, Газпром)

3.⁠ ⁠Эльдар Искандеров, күмүш медаль (12-класс, Сапат)

4.⁠ ⁠Искен Кенжебаев, күмүш медаль (11-класс, Сапат)

5.⁠ ⁠Нурсултан Эшперов, Ардак грамота (10-класс, Газпром)

6.⁠ ⁠Султан Мусаходжаев, Ардак грамота (8 класс, 70-мектеп)

 

Количество просмотров: 104