• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Кыргызстан Эгемендиктин 31 жылдыгын белгилеп жатат

31 Баш оона 20229:02 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-августта Кыргызстанда Эгемендиктин 31 жылдыгы белгиленүүдө. 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүлүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыялаган.

Башкы майрамдык иш-чаралар Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда өтөт. Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, эл аралык жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышат.

Майрамдык иш-чаралар көрүнүктүү саясий ишмер Байтик Канай уулунун (Байтик баатыр) 200 жылдыгына арналган маараке менен да коштолот.

Количество просмотров: 101