• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

«Кыргызстан» фракциясы ушул аптада министрлике талапкерди сунуштайт

15 Тогуздун айы 2018 11:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.10.2018. Govori.TV

«Кыргызстан» фракциясы ушул аптада Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине талапкерлерди  карап жатат. Бул  тууралуу фракциянын өкүлдөрүнүн бири Данияр Төлөнөв Govori.TV сайтына өзү билдирди.

Депутатын айтымында, аталган министрликке социалдык абалды жакшы түшүнгөн, кесипкөй адистер каралып жатыптыр. «Биз фракцияны уят кылбагыдай, элдин социалдык абалын жакшыртууга аракет кылган, мыкты адисти талап катары көрсөтөбүз. Ушул аптада тандап, сунуштайбыз. Бирок,  азырынча ким болоору белгисиз. Ошондой эле Кудайберген Базарбаевдин талапкерлиги каралыбы азырынча эч нерсе айта албайм»-деп билдирди эл өкүлү.
Количество просмотров: 26