• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстан Израиль менен Иран ортосундагы жаңжалдын курчушуна байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирди

13 Кулжа 202517:08 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Израиль менен Ирандын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө терең тынчсыздануусун билдирет. Бул тууралуу министрлик бүгүн, 13-июнда жарыяланган расмий билдирүүдө билдирди.

Кыргызстан тараптарды кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга умтулууга жана аймактагы абалды мындан ары курчутуп жибериши мүмкүн болгон аракеттерден карманууга чакырат.

Эске салсак, буга чейин Израил Ирандын бир нече шаарына, анын ичинде баш калаасы Тегеранга аба соккуларын жасаганы белгилүү болгон. Натыйжада жогорку даражалуу аскер кызматкерлери жана өзөктүк илимпоздор каза болуп, жарандык калк арасында да жабыркагандар бар экени кабарланган.

Буга чейин Кыргызстандын ТИМи Ирандагы жарандарыбызга жеке коопсуздук чараларын сактоого жана өзгөчө этият болууга чакырык жасаган.

Количество просмотров: 198