• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргызстан Казакстанга кире турган жүк ташуучу унааларга көзөмөлдү күчөтөт

22 Чын куран 2022 9:08 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандан Казакстанга кире турган жүк ташуучу унаалардын коштоп жүрүүчү документтери текшерилет.

Бул үчүн Салык кызматы, ИИМ, Транспорт министрлиги жана Чек ара кызматынын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлдү. Алар “Ак-Тилек” өткөрмө бекетине жакын айланма жолдо иш алып барышат.

Салык кызматы бул чек арада уналардын топтолушуна каршы көрүлүп жаткан чара экенин белгиледи. Айдоочулар ташып бараткан жүктүн QR-коду бар электрондук эсеп-фактурасын кагазга чыгарып алышы керек.

Казак-кыргыз чек арасында маал-маалы менен жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралып турат, айрым учурда ал бир нече чакырымга чейин жетет. 20-апрелге карата төрт өткөрмө бекетте 300дөн ашык фура топтолуп калган.

Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев менен Казакстандын премьер-министринин орун басары — соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун сүйлөшүүсүнөн кийин кезек кыйла азайган. Казакстан электрондук эсеп-фактура жана товарлардын транзити болгон учурда текшерүү жүргүзбөөгө макул болгон. Ошол эле маалда кыргыз тарап электрондук документтери жок фураларды өткөрбөөгө милдеттенме алган.

Товарлардын тиешелүү электрондук эсеп-фактурасы жок фураларды казак тарап артка кайтарат.

Количество просмотров: 83