Коронавирустун экинчи толкуну болушу тууралуу ар кандай божомолдор бар. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
«Эгер өлкөдө коронавирустун экинчи толкуну боло турган болсо, ага өкмөт толугу менен даяр. Анткени, бизде бул илдет менен күрөшүүдө тажрыйбабыз бар. Албетте, бирок биз дагы техникалык жана башка шарттарды жакшыртуубуз зарыл»,-деди Боронов.