• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстан менен Европа Биримдигинин адам укуктары боюнча кезектеги диалогу болду

22 Жетинин айы 202412:44 Бишкек Govori.TV

2024-жылдын 21-ноябрында Бишкекте “Кыргыз Республикасы – Европа Бирлиги” Адам укуктары боюнча жыл сайын өтүүчү диалогдун 14-раунду болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Европа Бирлигинин делегациясын Европанын тышкы аракеттер кызматынын Борбор Азия бөлүмүнүн жетекчиси Дитмар Крисслер мырза жетектеди.

Диалогдун күн тартиби кеңири болуп, адам укуктарынын негизги багыттарын камтыды. Кыргыз делегациясы өлкөдөгү негизги укуктар жана эркиндиктер боюнча учурдагы абал тууралуу маалымат берип, бул диалогдун укуктук системаны бекемдөө механизми катары маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи. Кыргыз Республикасында бардык жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле бул багытта эл аралык кызматташтыкты чыңдоого чоң маани берилип жаткандыгы баса көрсөтүлдү.

Европа делегациясынын жетекчиси КР Президенти С.Н. Жапаровдун 2024-жылдын июнь айында Брюсселге жасаган сапарынын маанилүүлүгүн жана сапардын алкагында эки тараптын ортосунда Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө Макулдашууга кол коюлгандыгын белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан менен ЕБнын кызматташуусунун артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде адам укуктары жаатындагы жана ЖПС+ (ВСП+) преференциалдык соода жеңилдиктери режиминин алкагындагы милдеттенмелерди аткаруу маселелерин өзгөчө баса көрсөттү.

Диалогдун жүрүшүндө тараптар жаңы чакырыктар менен коркунучтарды, анын ичинде киберкоопсуздук жана жасалма интеллект боюнча маселелерди да талкуулашты.

Количество просмотров: 176