Бүгүн, 16- июнда Бишкекте Кыргызстан менен Ирандын футбол командаларынын беттеши башталды.
Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жатат.
Кыргызстан курама командасынын төмөнкү курамы оюн талаасына чыгары белгилүү болду:
Мирлан Мурзаев, Валерий Кичин, Християн Браузман, Эрбол Атабаев, Кайрат Жыргалбек уулу, Алимардон Шукуров, Эрбол Атабаев, Гүлжигит Алыкулов, Сүйүнтбек Мамыралиев, Атай Жумашев, Антон Коченков.
Дарбазачы — Эржан Токотаев.
Оюн учурунда Бишкек гарнизонунун 2 миңге жакын кызматкери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздап жатат.
Кошумчалай кетсек, Бишкекте 10-июндан 16-июнга чейин Борбор Азиянын футбол Ассоциациясы уюштурган CAFA NATIONS CUP-2023 аталышындагы мелдештин тайпалык оюндар өтүүдө. Кыргызстан курамасы буга чейин Ооганстандын оюнчуларын жеңип алган.