• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргызстан менен Казакстан чек арадан жүк алып өтүүдөгү тоскоолдуктарды жоюуга ниеттенүүдө

17 Жетинин айы 2020 9:20 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан казак өкмөтүнөн ортодогу мамлекеттик чек ара аркылуу жүк алып өтүүчү кыргызстандык айдоочулардын маселесин чечип берүүнү суранууда.

Бул маселе 16-ноябрда Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Казакстандын элчиси Кайрат Нурпеисов менен жолугушуусунда талкууланды.

Тышкы саясат мекемесинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Ниязалиев оор жүк ташуучу айдоочулардын коронавируска байланыштуу анализ тапшыруусуна жана жыйынтыгы тууралуу аныктамасын алуусуна байланыштуу маселени жөнгө салуу боюнча тийиштүү чара көрүүнү өтүндү.

Эки тарап ишкерлерге, айыл чарба өндүрүмүн чыгаруучуларга жана керектөөчүлөргө ыңгайлуу шарт эпидемиологиялык нормаларды так сактоо менен түзүлүшү маанилүү экенин белгилеп, сүйлөшүүлөрдү улантуу ниетин билдиришти.

28-30-октябрда Кыргызстандын башкы дипломаты Руслан Казакбаев Казакстанда иш сапарында болуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулаган.

Кыргызстандык жүк ташуучулар кыргыз-казак чек арасынан Орусияга жана башка чет мамлекеттерге каттап баратып өтөт. Чек аралар коронавирус эпидемиясына байланыштуу убактылуу жабылган.

Кыргызстан да, Казакстан да Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) тең укуктуу мүчөсү. Кийинки жылдары ЕАЭБдеги мүчөлүгү Кыргызстанга пайда алып келбегени жөнүндөгү пикирлер парламентте айтылып, уюм ичиндеги пикир келишпестиктер тууралуу өкмөт да билдирүүдө.

Количество просмотров: 218