• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда аба каттамдары жанданат

10 Аяк оона 2020 10:42 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда эл аралык каттамдар калыбына келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун Москва шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди жолугушкан.

Жолугушуу учурунда Казакстан тарап Кыргызстан менен эл аралык аба каттамын жандандыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, аба каттамын жандандыруу боюнча чечим кабыл алынган билдирген. Ошондой эле Казакстан тарап кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттери толук кандуу иштеп жатканын белгилеген.

Ал эми Айдарбеков коронавируска каршы биргелешкен аракеттер ийгиликтүү болгонун белгилеп, кыргызстандыктарды мекенге кайтарууда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирген.

Количество просмотров: 97