• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Кыргызстан менен Казакстандын премьер-министрлери жолукту

2 Чын куран 202114:16 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин IX жыйынына катышуу алкагында Казакстандын өкмөтүнүн башчысы Аскар Мамин менен тар чөйрөдө жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма соз кызматы кабарлады.

Жолугушууда тараптар өз-ара аракеттешүү жана кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин  Казакстан Республикасына жакын арада жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча  маселелерди талкуулады.

Жолугушуу Казакстандын Кордай айылында өттү.

Количество просмотров: 189