• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери телефон аркылуу сүйлөштү

17 Бугу 2021 11:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-майда, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү, — деп кабарлайт президенттин басма сөз кызматы.

Баарлашуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышып, буга чейин жетишилген келишимдердин ишке ашырылышын талкуулашты.

Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн арттыруу боюнча биргелешкен пландарды белгилешти.

Количество просмотров: 90