• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Кыргызстан менен Малайзия билим берүү тармагындагы кызматташтыгын талкуулашты

2 Чын куран 2024 17:13 Бишкек Govori.TV

2-апрелде Малайзияга болгон расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Малайзиянын Жогорку билим берүү министри Замбри Абдул Кадирдин жолугушуусу болуп, эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташуусу талкууланды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар кыргыз-малайзиялык эки тараптуу мамилелердин активдешүүсүнүн динамикасын, анын ичинде билим берүү тармагында жыл сайын чыңдалып, Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы достук мамилелерди активдештирүүгө өзүнүн иш жүзүндөгү салымын кошуп жатканын канааттануу менен белгилешти.

Малайзиянын түштүк-чыгыш чөлкөмүндөгү билим берүү тармагындагы тажрыйбасын эске алуу менен тараптар билим берүү мекемелеринде билим берүүнүн алдыңкы стандарттары менен алмашуу, ошондой эле малайзиялык ЖОЖдордо Кыргызстандан келген студенттердин санын көбөйтүүнү макулдашышты.

Министр Жээнбек Кулубаев малайзиялык тарапка Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлери үчүн Малайзиянын техникалык кызматташтык программасынын алкагында кыска мөөнөттүү курстарды кайра жанданткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди, бул дагы биздин мамлекеттер ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө салым кошору белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү семинарларын уюштуруу, илимий-практикалык конференцияларды, симпозиумдарды өткөрүү, ошондой эле билим берүү тармагында тажрыйба алмашуу боюнча жигердүү кызматташууну улантууну макулдашышты.

Количество просмотров: 70