• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Кыргызстан менен Пакистандын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

15 Бештин айы 2021 10:11 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан менен Пакистандын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Махдум Шах Махмуд Куреши телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-пакистан эки тараптуу мамилелерин кеңири талкуулап, кызматташууну саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдө, коопсуздук жаатында, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан башка чөйрөлөрдө өнүктүрүүгө даяр экендигин билдиришти.

Мындан тышкары, тараптар Ооганстандагы учурдагы социалдык-экономикалык жана гуманитардык кырдаал боюнча пикир алмашышты.

Казакбаев ооган элине ар тараптуу көмөк көрсөтүү маселеси абдан актуалдуу экендигин белгиледи. Гуманитардык кризистин мындан ары да күч алышына жол бербөө үчүн бул мамлекеттин элине финансылык жана гуманитардык жардам көрсөтүү максатында ооган өкмөтү менен конструктивдүү байланыштарды түзүү зарыл экендигин белгиледи.

Өз кезегинде Пакистандын тышкы иштер министри гуманитардык жардам көрсөтүүдө мусулман мамлекеттеринин ролун белгиледи. Буга байланыштуу 19-декабрда Исламабад шаарында өтө турган Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз отуруму уюмдун мүчөлөрү үчүн маанилүү иште позитивдүү салым кошот деген ишеничин билдирди.

Количество просмотров: 93